• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

УКМК: Чычкан капчыгайында мыйзамсыз май ташыган жүк ташуучу унаа кармалды

12 Жалган куран 202114:18 Бишкек Govori.TV

Талас облусунда күйүүчү-майлоочу каражаттарды мыйзамсыз ташып бара жаткан оор жүк ташуучу (бензовоз) унаа кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин маалымат кызматы билдирди.

Такталгандай, күйүүчү май ташуучу унаа Бишкек-Ош унаа жолундагы Чычкан капчыгайынан кармалган. Жүктүн жалпы көлөмү 30 тоннадан ашык болгон.

«Учурда, тиешелүү экспертизаларды дайындоо менен иштин бардык жагдайларын жана бул фактыга тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Кыргыз Республикасынын УКМК республика боюнча контрабандага каршы жигердүү күрөшүүдө. Аныкталган фактылар жана мыйзам бузуулар боюнча УКМК Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тиешелүү чараларды көрмөкчү»,-деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 659