• Дүйшөмбү 29 Кулжа 2026
  • Понедельник 29 Июнь 2026

УКМК: Депутат Сабировдун билдирүүсү делген аудио боюнча териштирүү башталды

13 Теке 20200:45 Бишкек Govori.TV

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Жогорку Кеңештин депутаты Максат Сабировдун атынан социалдык тармактарда тараган аудио билдирүү боюнча тергөө ишин баштады. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы 12-июлда билдирди.

Маалыматка караганда, иш-чаралардын алкагында өлкөнүн конституциялык түзүлүшүн күч менен өзгөртүүгө чакырган билдирүүнү аныктоо үчүн экспертизалар дайындалат.

«Жыйынтыктардын негизинде юридикалык баа берилип, мыйзамдын негизинде чаралар көрүлөт», — деп айтылат УКМКнын билдирүүсүндө.

Количество просмотров: 60