• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

УКМК: Депутат Зулпукаровдун жасалма диплом колдонуп жүргөнү аныкталды

14 Кулжа 2021 11:26 Бишкек Govori.TV

УКМК сотко чейинки өндүрүштүн алкагында жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгында, мурдагы вице-спикер, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин «КСДП» фракциясынын депутаты «З.Т.З.» тарабынан жасалма дипломду колдонуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлайт.

Такталгандай, «З.Т.З.» 1998-жылы Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Тарых факультетинин үчүнчү курсунан чыгарылган. Окуудан чыгарылышынын себеби, билим алуу үчүн акысын төлөбөгөндүгү болгон.

Андан кийин, «З.Т.З.» Ж.Баласагын атындагы КУУ тарабынан берилген делген жасалма дипломду Ош мамлекеттик университетине кабыл алуу колдонуп жана ошондой эле КР ЖКнын депутаты, активдүү саясий ишмердүүлүк мезгилде, экинчи жогорку билим алган.

Ж.Баласагын атындагы КУУдан алынган жоопко ылайык, «З.Т.З» университеттин бүтүрүүчүлөрүнүн катарында жок болгон, көрсөтүлгөн номер менен катталган диплом башка жаранга берилген.

Тергөө иштери жүрүп жатат.

Кошумчалай кетсек, Жогорку Кеңештин сайтындагы маалымат боюнча УКМК жиберген маалыматтагы «З.Т.З» инициалына учурда камакта жаткан Зулпукаров Төрөбай Закирович туура келет. Жана ошондой эле Төрөбай Зулпукаровдун билими тууралуу маалыматта ал КУУнын тарых факультетин 2000-жылы аяктаганы жазылган.

Количество просмотров: 6104