• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

УКМК халифат түзүүгө үндөгөн шектүүнү Стамбулдан кармап келди

17 Жалган куран 202614:17 Бишкек Govori.TV

 «Ислам мамлекети» эл аралык террордук уюмунун мүчөсү, Кыргызстандын жараны Т.М.Ш. аттуу адамдын мыйзамсыз ишмердүүлүгү токтотулду. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, шектүү Ош облусунун Араван районунда жашап жүргөн мезгилде калк арасында террордук идеологияны жайылтуу менен алектенген. Ал конституциялык түзүмдү кулатууга жана «Халифат» теократиялык мамлекетин түзүүгө чакырык таштап, Жакынкы Чыгыштагы согуштук аракеттерге катышуу үчүн жарандарды азгырган.

Ошондой эле Кыргызстандын аймагында террордук актыларды жасоо пландарын түзгөнү аныкталган.

Шектүү 16-мартта Түркиянын Стамбул шаарынын аймагында УКМК кызматкерлери тарабынан кармалды. Учурда Кыргызстанга алып келинип, учурда тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 154