Кочкор районунунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү, райондо «положенец» катары «Хан» каймана аты менен белгилүү болгон Алмаз Чигентаев мурда кийин кылган туура эмес иш аракеттери үчүн элден кечирим сурап, мындан ары эч бир криминалдык чөйрөнүн өкүлдөрүнө аралашпай, дыйканчылык менен тынч турмуш куруу милдетин алды. Мындай билдирүүнү УКМКнын басма сөз кызматы таратты.
Маалыматта айтылгандай, УКМК органдары тарабынан жүргүзүлгөн профилактикалык иш-чаралардын натыйжасында Нарын облусунун Кочкор районунун тургундарынын арасында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү, райондо «положенец» катары «Хан» каймана аты менен белгилүү болгон Чигентаев Алмаз Курманбекович, 1988 ж.т., Кочкор районунун тургуну, коомчулуктун алдында эч бир криминалдык чөйрөнүн өкүлдөрү менен, анын ичинде кечээ эле жергиликтүү ишкерден опузалап акча талап кылуу фактысы боюнча кармалган Н.Шаршеев менен дагы эч кандай байланышы жок экендигин айтты.
УКМКнын маалыматында кошумчалагандай, эгерде криминалдык чөйрөнүн өкүлдөрүнөн жабыр тарткан жарандар болсо, УКМК органдарынын жергиликтүү түзүмдөрүнө кайрылыңыздар: