• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

УКМК: «Хизб ут-Тахрир» диний экстремисттик уюмунун мүчөсү кармалды

6 Жетинин айы 2019 10:53 Бишкек Govori.TV

Издөөдө жүргөн «Хизб ут-Тахрир» диний экстремисттик уюмунун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

«КР УКМК диний экстремисттик жана террористтик уюмдардын мыйзамсыз иш-аракеттерине каршы күрөшүү иш-чараларынын жүрүшүндө Бишкек шаарында «Хизб ут-Тахрир» диний экстремисттик уюмунун “амири”, коңшу мамлекеттин жараны «Ш.Т.» аттуу жаран кармалды. Ал Кыргызстандын аймагында диний экстремисттик уюмдардардын жашыруун ячейкаларынын иш-аракеттерин жетектеп жүргөн», — деп айтылат маалыматта.

УКМКдан белгилешкендей, кармалган адам коңшу мамлекеттердин биринде «Хизб ут-Тахрир» диний экстремисттик уюмуна катышкандыгы үчүн эл аралык издөөдө жүргөн. «Ш.Т.» жасалма паспорт колдонуп, Кыргызстандын аймагында экстремисттик аракеттерин жасап жүргөн.

Бул факт КР Кылмыш кодексинин 359-беренесинин 3-бөлүмү, 39-беренеси жана 358-беренесинин 1-бөлүмү боюнча Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, УКМК тергөө органдары тарабынан кармалган адамга карата сотко чейинки өндүрүш башталды.

Кармалган адам Бишкек шаарынын №1 тергөө абагына камалган. Тергөө жүрүп жатат.

Количество просмотров: 79