• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

УКМК «Хизб ут-Тахрирдин» 7 мүчөсүн кармады

8 Бештин айы 2022 12:05 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда тыюу салынган “Хизб-ут-Тахрир аль-Ислами” диний-экстремисттик уюмунун Бишкек шаарынын аймагында иштеген “жаштар канаты” деп аталган көмүскө ишмердүүлүгү токтотулду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, “Хизб-ут-Тахрирдин” токтотулган көмүскө мүчөлөрү КР жарандары Д.Б., Б.Б., М.Н., Ж.А., Ж.А., М.Ы. жана З.А. борбордогу ЖОЖдордун студенттеринин арасынан “Хизб-ут-Тахрир” ДЭУнун катарына жаңы тарапташтарды чакыруу жана даярдоо менен алектенген, жаңы тарапташтар тыюу салынган уюмдун катарына киргенден кийин келечекте мамлекеттик структураларга орношуп, экстремисттик идеологиянын жайылышына көмөкчү болушмак.

Ячейка мүчөлөрү конституцияга каршы материалдарды окутуу боюнча үзгүлтүксүз жашыруун сабактарды өткөрүшкөн, ошондой эле экстремисттик материалдар электрондук форматта, анын ичинде Интернет аркылуу (социалдык тармактар жана фейк аккаунттар) таратышкан.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгында, “Хизб-ут-Тахрир” уюмунун аталган мүчөлөрүнүн жашаган жерлеринде “Хизб-ут-Тахрир” уюмуна тиешеси бар делген көп сандагы электрондук материалдар, баракчалар, ноутбуктар, планшеттер, смартфондор жана флеш-карталар табылып алынды. Алынган материалдарга жана электрондук алып жүрүүчүлөргө комплекстүү экспертиза дайындалды.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгында көмүскө ячейканын 7 мүчөсү кармалды. “Хизб-ут-Тахрир” ДЭУнун жаштар канатынын лидерлеринин бири болгон Д.Б. аттуу жаран УКМК тергөө камак жайына киргизилди. Учурда ыкчам-иликтөө иш-чаралары уланууда.

Количество просмотров: 179