• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

УКМК: «Хизбут-Тахрир» диний экстремисттик уюмунун мүчөлөрү кармалды

2 Жалган куран 2020 15:17 Бишкек Govori.TV

«Хизбут-Тахрир» диний экстремисттик уюмунун мүчөлөрү, КР жарандары 1993-ж.т. К.Э.М., 1995-ж.т. О.у.Ш, жана чектеш мамлекеттин жараны 1986-ж.туулган адамдар кармалышты. Бул тууралуу УКМК маалымдайт.

Жашаган жерин тинтүүдө диний адабияттар, аудио жана видео аппаратуралары табылып, тиешелүү экспертизага жөнөтүлдү.
Бул факт боюнча материалдар КР Кылмыш-жаза кодексинин 313- (Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты (араздашууну) козутуу) жана 315-(Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу) беренелери боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

«Хизбут-Тахрир аль-Ислами» диний экстремисттик тобу, 2003-жылдын 20-августунда КР Жогорку сотунун токтомуна ылайык экстремистик деп табылып, КР аймагында ишмердүүлүгүнө тыюу салынган.

Количество просмотров: 57