• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

УКМК: “Хизбут-Тахрир” экстремисттик уюмунун 12 мүчөсү кармалды

12 Жетинин айы 202516:05 Бишкек Govori.TV

Баткенде «Хизбут-Тахрир аль-Ислами» диний-экстремисттик уюмунун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Атайын кызматтан билдиришкендей, «Экстремисттик уюмду түзүү жана каржылоо» беренеси боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иштеринин алкагында 10 адам кармалган. Кармалгандардын айрымдары мурда экстремисттик ишмердүүлүк үчүн сот жообуна тартылган.

Алар «Хизбут-Тахрир аль-Ислами» диний уюмунун жабылган Telegram каналдарына катталып, Кыргызстандын аймагында халифат түзүү маселесин талкуулап, «Хизбут-Тахрир аль-Ислами» ДЭУнун идеологиясын өнүктүрүүнү улантышкандыгы аныкталды.

Кармалгандардын жашаган жерин тинтүү учурунда «Хизбут-Тахрир аль-Ислами» ДЭУнун тыюу салынган адабияты, ошондой эле көптөгөн диний адабияттар, электрондук алып жүрүүчүлөр, ноутбуктар, флеш-карталар, уюлдук телефондор жана дисктер табылган.

Учурда УКМК тарабынан тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары улантылууда.

Количество просмотров: 120