• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

УКМК: “Хизбут-Тахрир” мүчөлөрү жашаган 7 жерде тинтүү иштери жүргүзүлдү

16 Аяк оона 202417:42 Бишкек Govori.TV

УКМК тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында экстремисттик уюмдардын ишмердүүлүгүнө каршы күрөшүү боюнча иш-чаралардын жүрүшүндө «Хизбут-Тахрир»ДЭУнун активдүү мүчөлөрү жашаган 7 жерде санкцияланган тинтүү иш-чаралары жүргүзүлдү.

Атайын кызматтын маалыматы боюнча, натыйжада 53 китеп, 8 телефон, 20 журнал, 26 дептер, 1 ноутбук, 1 флеш-карта, 2 банк картасы табылган. Аталган буюмдар Юстиция министрлигине караштуу Соттук-эксперттик кызматына диний экспертиза жүргүзүү үчүн жөнөтүлдү.

Экспертизанын жыйынтыгы боюнча кылмыш ишине тиешеси бар адамдарга карата Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарына ылайык чаралар көрүлөт.

Количество просмотров: 102