• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

УКМК: Издөөдө жүргөн Өзбекстан Республикасынын жараны кармалды

10 Баш оона 2020 9:45 Бишкек Govori.TV

2020-жылдын 8-августунда КР УКМК 1993-жылдагы үй-бүлөлүк жана кылмыш иши боюнча укуктук жардам жана укуктук мамилелер туралуу  Минск Конвенциясынын алкагында, Өзбекстан Республикасынын укук коргоо органдары тарабынан бир катар кылмыштарды жасагандыгы үчүн издөөдө жүргөн, 1973-ж.т. А.Б. аттуу Өзбекистандын жараны кармалды.

Кармалган адам КР УКМК тергөө камак жайына киргизилди

Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы ага карата баш коргоо чарасын тандоо жана Өзбекстан Республикасынын компетенттүү органдарына өткөрүп берүү маселелерин карап жатат.

Количество просмотров: 101