• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

УКМК: Көлбаев депутат Бакиров менен жолукканын өзү айткан

28 Бештин айы 2022 21:46 Бишкек Govori.TV

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз борбору Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бакировдун Камчы Көлбаев менен жолугушуусун четке каккан билдирүүсүнө комментарий берди.

Ведомстводон билдиришкендей, тиешелүү кылмыш ишинин алкагында бир катар тергөө амалдары жана ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүп, жыйынтыгында Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бакиров менен кримтөбөл Камчыбектин жолугушуусу фактысы аныкталган.

«Сурак учурунда Камчыбек Асанбек (Көлбаев) жолугушуу болгонун тастыктады. Ошентип, депутат Өмүрбек Бакиров чындыкка дал келбеген билдирүүлөрдү жасап, коомчулукту атайылап бурмалоодо. УКМК ошондой эле коомчулукту парламентарийдин популисттик билдирүүлөрүнө ишенбөөгө, кырдаалга сергек баа берүүгө чакырат», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 1045