• Жума 23 Чын куран 2021

УКМК: “Кадастр” ишканасынын кызматкерлери кармалды

25 марта 2021 в 10:12 Бишкек Govori.TV

Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча «Кадастр» МИ Сокулук филиалынын кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 23-мартында «Кадастр» МИ Сокулук филиалынын башчысынын орун басары Д.Б.Ж. жана укуктарды каттоо боюнча башкы адиси Т.А.А. кармалган.

Такталгандай, аталган адамдар жер участогунун баштапкы документтерин атайлап жасалма жол менен жасап, андан ары жеке адамдарга кайрадан каттоодон өткөрүү үчүн аянтын 1,7 гектарга көбөйтүшкөндүгү аныкталды. Аталган адамдардын мыйзамсыз иш-аракеттеринин натыйжасында мамлекетке 17 миллион сомдук зыян келтирилген.

Кармалгандар УКМК нын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тиешелүү тергөө-оперативдик иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Теги:
Количество просмотров: 19