• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

УКМК “Кадастрдын” кызматкерин кармады

5 Жетинин айы 2022 12:05 Бишкек Govori.TV

“Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Бишкек шаардык бөлүмүнүн кызмат адамдары тарабынан Бишкек шаарынын калктуу конуштарынын аймагындагы бир нече жер тилкелерин бөлүп берүүдө кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактылары аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Тактап айтканда, ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө УКМКнын кызматкерлери тарабынан мамлекеттик мекеменин айрым жетекчилери жеке кызыкчылыгын көздөп, мамлекеттин кызыкчылыгына каршы келген, социалдык-маданий маанидеги объектилерди курууга арналган жер тилкелеринин укук берүүчү жана уруксат берүүчү документтерин мыйзамсыз түрдө жасап бергендиги тууралуу далилдер табылып алынган.

Бул факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) негизинде кылмыш иши козголуп, 2022-жылдын 3-ноябрында “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Бишкек шаардык филиалынын жер участогун каттоо бөлүмүнүн башчысы “А.Т.С.” кармалып, УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Азыркы учурда бул мыйзамсыз иш аракеттерди жасоого башка кызмат адамдарынын катыштыгын аныктоого багытталган комплекстүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 133