• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

УКМК: Кеминдеги өспүрүм кыздын кайрылуусу боюнча текшерүү башталды

21 Бештин айы 2020 12:01 Бишкек Govori.TV

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев 9 жаштагы өспүрүм кыздын кайрылуусун жеке көзөмөлүнө алды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка караганда, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Чүй облустук башкармалыгына аталган мектепти текшерип чыгууну тапшырды.

Буга чейин 9 жаштагы Асема Шакирова Ташиевге видео кайрылуу жасап, пандемия учурунда апасы иштеген Кемин районундагы Жалил Садыков мектебинде апасына кысым көрсөтүлүп жатканын айткан.

Учурда видео кайрылууда көрсөтүлгөн бардык жагдайлар, анын ичинде кыздын үй-бүлөсүнүн материалдык абалы боюнча ар тараптуу текшерүү башталды.

.

Количество просмотров: 4071