• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

УКМК ККК: «Кыргыз жылуулук энерго» МИ тендердик комиссиясынын мүчөсү 500 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды

4 Жетинин айы 2020 10:32 Бишкек Govori.TV

КР УКМК ККК тарабынан отун-энергетикалык тармагында коррупциялык көрүнүштөрдү жок кылуу багытындагы иш аракеттердин жүрүшүндө «Кыргыз жылуулук энерго» Мамлекеттик ишканасынын бөлүмдөрүнүн бирине көмүр сатып алууда 500 миң сом пара талап кылган фактысы боюнча тендердик комиссиясынын мүчөсү “У.Р.” кармалды.

Такталган боюнча У.Р. жогорудагы акча каражатын 2020-2021-жылдардагы күзгү-кышкы сезонуна даярдык көрүүнүн алкагында ири көлөмдөгү көмүр сатып алууда «Кыргыз жылуулук энерго» Мамлекеттик ишканасынын жетекчилиги аркылуу ишкердик субьектиден талап кылган.

Бул факты боюнча материалдар кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине КР кылмыш-жаза кодексинин 203-беренеси (опузалап талап кылуу) боюнча катталды.

Учурда кармалган жаран УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Тергөө жүрүп жатат.

Количество просмотров: 107