• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

УКМК ККК: «Ошэлектро» ААК кызматкерлери пара талап калуу учурунда кармалды

20 Бирдин айы 2020 15:10 Бишкек Govori.TV

2020-жылдын 19-февралында УКМК ККК тарабынан Ош шаарында жана Ош областында энергетика тармагындагы коррупциялык көрүнүштөрдү алдын алуу багытында жүргүзүлгөн иш-чара учурунда Ноокат райондук электр станциясынын жооптуу кызматкери С.М. жана «Ошэлектро» ААК текшерүү жана көзөмөлдөө бөлүмүнүн инспектору П.А. 50 миң сом пара алып жаткан учурунда кармалды.

Такталгандай, аталган кызматкерлер Ноокат районунун жашоочусу Т.Б. электр энергиясын уурдаган деп андан 283 миң сом өлчөмүндө пара талап кылышкан.

Сотко чейинки өндүрүштүн материалдары КР Кылмыш-жаза кодексинин 238-беренесинин 1-б. (кызматчынын мыйзамсыз сыйакы алуусу) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Тергөө жүрүп жатат.

Количество просмотров: 145