Бишкек.17.06.2019.Govori.TV.
УКМК Коррупцияга каршы кызматы «Кыргыз темир жолу» ишканасында жемкорлук аныкталганын билдирди.
Мекеменин маалыматына караганда, 150 универсалдуу жарым вагонду 432 миллион сомго сатып алуу боюнча сынак өткөрүүдө мыйзам бузулган.
Жарым вагондун бир даанасын 35 миң доллардан сунуш кылган компания тандалып алынбай, 41 миң доллардан саткан ишкана жеңүүчү деп табылган. Натыйжада мамлекеттик бюджетке 69 миллион сом зыян келтирилген.
Факт Жазык кодексинин «Ачык тооруктарды, аукциондорду же тендерлерди өткөрүүнүн тартибин бузуу» беренесинин негизинде каттоого алынды. Тергөөнү УКМКнын Тергөө башкармалыгы жүргүзүп жатат.
«Кыргыз темир жолу» ишканасы бул боюнча азырынча комментарий бере элек.