• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

УКМК: Кыргызстанда террористтик мүнөздөгү иш-аракеттерди уюштурууну пландаштырган жаран кармалды

13 Баш оона 2021 13:12 Бишкек Govori.TV

Эл аралык террористтик уюмдун активдүү мүчөсү кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 11-августунда Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан уланып жаткан терроризмге каршы иш-чаралардын алкагында, эл аралык террористтик уюмдардун (МТО) активдүү мүчөсү, 1983 -жылы туулган Кыргыз Республикасынын «А.А.» аттуу жараны кармалды.

Такталган боюнча, кармалган адам 2019-жылы Эл аралык террористтик уюмдун бандиттик түзүлүштөрүнүн тарабында куралдуу чыр-чатакка катышуу максатында, Кыргыз Республикасынан чыгып кеткен жана куралдуу чыр-чатактар зонасына өтүүнү пландаштырган. Афганистандагы (Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүгө тыюу салынган) «Ислам мамлекети» эл аралык террористтик уюмунун лидерлеринен тапшырмсы менен, Кыргыз Республикасында террористтик мүнөздөгү иш-аракеттерди уюштурууну пландаштырган.

Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында жана сот органдарынын чечими менен кармалган адам Баткен облусунун убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда КР УКМК тарабынан “А.А” аттуу жарандын кылмыштуулукка байланышкан иштерин аныктоо боюнча ыкчам-издөө комплекстүү иш-чаралар уланууда.

Количество просмотров: 175