• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

УКМК кызматкерлери тарабынан «телефон террорчусу» кармалды

11 Жалган куран 2020 15:26 Бишкек Govori.TV

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери тарабынан «телефон террорчусу» кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 11-мартта УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Кечээ, 10-мартта УКМКнын Ош шаардык башкармалыгынын нөөмөт бөлүмүнө Кара-Суу райондук электр тармагынын имаратына жардыруучу зат коюлганы тууралуу билдирүү түшкөн. Окуя болгон жерге атайын ыкчам топ менен милиционерлер жөнөтүлгөн. Райондук электр тармагынын кызматкерлери имараттан чыгарылып, аймак курчоого алынган.

«Имарат текшерилгенден кийин жардыруучу каражат табылган эмес. Ыкчам териштирүү иш-чараларынын жүрүшүндө Кара-Суу районунун жашоочусу — 1969-жылы туулган Э.К аттуу жаран кармалды», — деп айтылды маалыматта.

УКМКнын маалыматына караганда, кармалган жаран Мамлекеттик каттоо кызматынын Кара-Суу райондук башкармалыгынын картография бөлүмүнүн башкы адиси болуп эмгектенет. Ал мас абалында телефон чалып, жалган маалымат билдирген.

Аталган факт боюнча материалдар Жазык кодексинин 246-беренеси (Терроризм актысы жөнүндө билип туруп жалган кабарлоо) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Учурда тергөө иши жүрүп жатат.

УКМК жалган маалымат тараткандарга Кыргызстандын мыйзамына ылайык кылмыш жоопкерчилиги каралганын эскертти.

Количество просмотров: 150