• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

УКМК кызматкерлери жол инспекторун кармады

20 Үчтүн айы 202517:50 Бишкек Govori.TV

Ички иштер министрлигинин Ош облусу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын инспектору системалуу түрдө акча чогултканы үчүн кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Маалыматка ылайык, Ош облусу боюнча Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгындагы мыйзамсыз иш-аракеттерди аныктоого жана бөгөт коюуга багытталган ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө айрым инспекторлор системалуу түрдө жол кыймылынын эрежелерин бузгандардан акча каражатын опузалап талап кылуу менен алектенишкени аныкталган.

Материалдык пайда табуу максатында Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын айрым инспекторлору жол эрежесин бузгандардан мобилдик капчыктарын толтурууну талап кылып, алардын ордуна административдик бузуулар боюнча тиешелүү протоколдорду түзүшкөн эмес.

Мындан улам үстүбүздөгү жылдын 15-январда ИИМдин Ош облусу боюнча Ички иликтөө кызматы менен биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын инспектору милициянын старшинасы Ж.У.А. кармалды.

Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 247