• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

УКМК кызматкерлерине үй куруу үчүн тендер жарыялады

4 Бирдин айы 2021 9:20 Бишкек Govori.TV

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) кызматкерлерине Бишкек шаарына турак жай салуу үчүн 580 миллион 935 миң сомго сынак жарыялады. Бул тууралуу кабар мамлекеттик сатып алуу порталына чыкты.

Порталдын сайтындагы маалыматка ылайык, кызматкерлерге Бишкектин Чыңгыз Айтматов проспектисине тогуз кабаттуу алты үй курулганы жатат.

Тендердин талаптары боюнча турак жай бардык шарттары менен болушу керек.

2-февралда жарыяланган сынакка документ берүү 25-февралда аяктайт. Тендерди уткан ишкана курулуш иштерин 2022-жылдын август айына чейин бүтүрүп бериши зарыл.

Количество просмотров: 108