• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

УКМК кызматкерлеринин президентке кайрылуусун жалган деп атады

9 Жалган куран 2021 11:18 Бишкек Govori.TV

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет президент Жапаровдун атына кызматкерлеринин атынан жазылган кайрылууну төгүндөдү. Мекеменин басма сөз кызматы соцтармактарга тараган кайрылуу «фейк» экенин маалымдады.

«Мындай билдирүүлөрдү чагымчыл, атайын кызматтын ишмердигин каралоону каалагандар таратып жатат. Акыркы убакта коррупцияга каршы күрөштүн күчөтүлүшү — пара алуу, опузалап акча алууга, бюджетти уурдоого, аткезчилик жана башка коррупциялык иштерге бут тосулганы — айрымдарга жаккан жок. Ошондуктан, УКМКны шайлоо жараянына кийлигишип жатат деген маалыматтар да атайын жасалган чагымчыл калп. Атайын кызмат тескерисинче шайлоодо саясий, административдик жана башка басым-кысымдарга жол бербөөнүн үстүндө иштеп жатат», — деп жазылган маалыматта.

Атайын кызмат билдирүүсүндө бийликтин кийлигишүүсү менен өткөн 2020-жылкы парламенттик шайлоонун аягы кандай бүткөнүн эскерткен.

Буга чейи «Фейсбукта» президент Жапаровдун атына УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин үстүнөн даттануу жарыяланган. Анда Ташиев кызматкерлерине «мыйзамсыз иштерди аткарууга көрсөтмө берип жатканы» тууралуу жазылып, атайын кызматтын акыркы иштери Ташиевдин «популисттиги жана пиар өнөктүгү» деп сыпатталган. Кызматкерлер Камчыбек Ташиев эми аларды келе жаткан жергиликтүү кеңештерге шайлоодо бийликчил партиянын кызыкчылыгы үчүн иштөөгө, шайлоо жараянына кийлигишүүгө мажбурлап жатканын белгилешкен. Ташиевди төрагалыктан четтетип, кызматтык иликтөө жүргүзүүсүн мамлекет башчыдан өтүнүшкөн.

Камчыбек Ташиев президент Садыр Жапаровдун саясаттагы үзөңгүлөшү, жакын досу катары айтылып келет.

Октябрь окуясында абактан чыккан Садыр Жапаров президенттин милдетин аткарууга киришкенде Камчыбек Ташиевди УКМКнын төрагалыгына бекиткен.

Количество просмотров: 140