• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

УКМК “Өлбөс полк” жүрүшүнө “Z” белгиси бар аскердик кийимдерди кийбөөгө чакырат

21 Чын куран 2022 16:38 Бишкек Govori.TV

УКМКнын басма сөз кызматы социалдык тармактарда 9-май Улуу Ата-Мекендик жеңиш күнүнө карата костюмдарды ижарага берүү мекемелери “Z” символикасы бар аскердик кийимдердин жана костюмдардын жарнамаларын таратып, коомчулукта кызуу талкуу жаратып жаткандыгына байланыштуу билдирүү таратты.

УКМК тараткан маалыматта, мекемелерди улуттар аралык кастыкты козутууга байланыштуу “Z” символикасы бар аскердик кийимдерди ижарага бербөөгө жана шаар тургундарын 9-май Улуу Ата-Мекендик жеңиш күнүнө карата өтө турган “Өлбөс полк” жүрүшүнө аталган аскердик кийимдерди кийип чыкпоого чакырат.

Ошондой эле УКМК Улуттар аралык кастыкты козутууга багытталган аракеттерге Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик каралганын эскерткен.

Количество просмотров: 131