• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

УКМК: «Мас айдоочу коопсуздук кызматынын жашыруун бөлүгүндө иштебейт»

11 Теке 2018 19:01 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 11.07.2018. Govori.TV
«Жал кайгуул кызматынын кылтагына түшкөн мас айдоочу Рустам Токтобаев  УКМКнын «Жашыруун бөлүмүндө» иштебегени аныкталды. Бул тууралуу УКМК маалымат таратты.
Анда белгилүү болгондой, 2018-жылдын 30-июнунда МАИнин кечки рейдди учурунда мас абалында унаа башкарып бара жаткан Токтобаев Рустам Бейшенбекович жеке ишкер, транспорттук  каражаттар сактоо кызматында иштей турганы анык болгон. Ал башкарып бара жаткан ак түстөгү Е6599В мамлекеттик номурлуу «Ниссан Фуга» унаасы болсо «Санрайз Риелт» ЖЧКсына, Р. Токтобаевдин апасына катталган жеке компанияга таандык болуп чыккан.
Эске сала кетсек, өзүн УКМКнын жашыруун бөлүгүнүн кызматкери катары тааныштырган айдоочу тууралуу биздин агенттик да маалымат жарыялаганбыз.
Количество просмотров: 26