• Жекшемби 7 Кулжа 2026
  • Воскресенье 7 Июнь 2026

Жашынуу үчүн Кыргызстанга келген 2 экстремист кармалды

1 Жалган куран 201811:33 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 01.03.2018.Govori.TV.
УКМК  кызматкерлери тыюу салынган диний-экстремисттик уюмдун өкүлдөрүн кармашты. Алар Борбор Азия өлкөлөрүнүн биринин жараны болуп эсептелет. Бул туурасында УКМКнын басма сөз кызматынан билдирди.
Алар 1953-жылы туулган Р.К.Н. менен 1985-жылы туулган А.Х.Р. Кыргызстандын аймагында мыйзамсыз деп эсептелген диний уюмдардын өкүлдөрүн аныктоо максатындагы иш-чаралардын алкагында колго түшкөн. Алар өлкөдө экстремисттик идеяны жайылтууну көздөшкөн.

Кармалгандар тиешелүү органдарга берилип, тергөө иштери улантылып жатат.

Количество просмотров: 55