• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

УКМК: Москва районунун акиминин орун басары кармалды

1 Теке 2021 14:56 Бишкек Govori.TV

Чүй облусунун Москва райондук администрациясынын башчысынын орун басары кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет кабарлады.

Маалыматка караганда, “М.М.” мурда Сокулук айыл аймагынын башчысынын орун басары болуп иштеп турганда кызматтык жасалмалуулук фактысы үчүн кармалды.

«Аталган кызматкер банктардын биринен ири өлчөмдө насыя алуу үчүн Кыргызстандын “Р.А.” аттуу жаранына жасалма маалымкат берип, каттоо журналына «А.Д.» аттуу башка жаранга берилди деп каттап койгон. Анда ага 770 чочкосу, 100 ую, 22 букасы жана 200 баш майда жандыгы бар деген жалган маалымат жазып койгон»,-деп айтылат маалыматта.

Аталган факты Жазык кодексинин 329-беренесинин 1-бөлүмү (“Кызматтык жасалмачылык”) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө иштери жүрүүдө.

Количество просмотров: 364