• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

УКМК мыйзамсыз боюуга шектелип кармалган Суракматовдун мүлктөрүн көрсөттү (сүрөт)

27 Бугу 2021 10:27 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарынын мурдагы мэри С.А.Э коррупция жана мыйзамсыз баюу фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан Бишкек шаарынын мэриясында жана анын түзүмдүк бөлүмдөрүндө кылмыштарды аныктоо жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында, айрым курулуш компанияларынын өкүлдөрүнө элиталык көп кабаттуу турак үйлөрдү куруу үчүн муниципалдык жер тилкелери берилгендиги боюнча, коррупциялык жана мыйзамсыз баюу фактылар аныкталды.

Такталган боюнча, С.А.Э. мэрияда жетекчи кызматтарда иштеп жаткан учурунда жана анын түзүмдүк бөлүмдөрү, кызматтык абалын пайдаланып мыйзамсыз байыуу жана материалдык артыкчылыктарды алуу максатында, муниципалдык кызматтын кызыкчылыгына каршы иш алып барып, муниципалитеттин айрым кызмат адамдары жана ири курулуш компанияларынын өкүлдөрү менен коммерциялык имараттарды жана көп кабаттуу турак жайларды курууга муниципалдык жер тилкелерин алуу үчүн туруктуу коррупциялык схема түзүшкөн.

Жогоруда айтылгандардан тышкары, С.А.Э. мыйзамсыз алынган муниципалдык жер тилкелерин мыйзамсыз каттоо максатында, анын аффилиренген филиалдарына таандык, жана ошондой эле курулуш нормаларынан жана эрежелеринен четтеп курулган объектилерди киргизүүгө, ыйгарым укуктары менен, муниципалдык ишканалардын жана курулушту көзөмөлдөөчү органдардын жооптуу кызматкерлерине кысым көрсөтүү менен курулуш компанияларынын өкүлдөрү тарабынан көп кабаттуу объектилерди курууга уруксат алган.

Бул коррупциялык схеманын натыйжасында, С.А.Э. активдери жана анын жакын туугандарынын кирешелери кескин көбөйүп, болжол менен 50 миллион АКШ долларына бааланган.

2021-жылдын 26-майында коррупцияга шектелген С.А.Э. кармалып КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда ушул кылмышты жасоого катышкан адамдарды жана алар тарабынан мыйзамсыз алынган мүлктү аныктоого багытталган ыкчам-тергөө иш-чаралардын комплекси жүрүп жатат.

Количество просмотров: 2704