• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

УКМК: Нариман айыл округунун башчысы коррупцияга шектелип кармалды

1 Тогуздун айы 2021 11:23 Бишкек Govori.TV

Ош облусунун Кара-Суу районунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын өкүлдөрү кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренеси (Коррупция) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, Нариман айыл округунун башчысы Н.Х. жана анын шериги М.С.,Кара-Суу районунун “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин мурдагы жетекчисинин милдетин аткаруучу Б.Б. кармалды.

«Кармалгандар жеке кызыкчылык максаттарын көздөп, Нариман айыл аймагындагы айыл чарба багытындагы жерлерге жеке турак жай куруу үчүн мыйзамсыз сатууну узак убакыт бою жүргүзүп келишкендиги аныкталган. 2021-жылдын 30-сентябрында бул адамдарга кылмыш жасагандыгы жөнүндө билдирүү берилип, КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилишти»,-деп айтылат маалыматта.

Азыркы учурда бул ишке башка тиешеси бар башка адамдардын бетин ачуу үчүн бардык зарыл болгон ыкчам-тергөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 283