Бийлик органдарындагы, анын ичинде укук коргоо органдарындагы коррупциялык көрүнүштөрдү аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн иш-чаралардын алкагында Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын ыкчам кызматкери 1500 АКШ доллар өлчөмүндөгү акча каражатын талап кылуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, ушул жылдын 18-майында Кара-Суу районунун аймагында көрсөтүлгөн сумманын 20 миң сом өлчөмүндөгү бир бөлүгүн алып жаткан жеринен Ош ШИИБнин уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн ыкчам кызматкери, милициянын майору К.Т.Т. кармалды.
Азыркы учурда тиешелүү ыкчам-тергөө амалдар уланууда.