• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

УКМК: Панфилов райондук электр тармагынын кызматкери пара менен кармалды

9 Жалган куран 2022 13:11 Бишкек Govori.TV

Панфилов райондук электр тармагынын кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан Чүй облусунун энергетика тармагындагы коррупцияга каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлгөн иш-чаралардын алкагында Панфилов Райондук электр тармактары ага инспектору кармалды.

Буга чейин Панфилов районунун аймагындагы жеке жана юридикалык жактарга райондук электр тармагынын кызматкерлери «Түндүк электр» ААКнын кызматкерлери менен биргеликте электр энергиясын эсептегичсиз пайдалануу (тармактардагы электр энергиясын уурдоо) боюнча текшерүү иштерин жүргүзүшүп, анын натыйжасында электр энергиясын пайдалануу боюнча аныкталган мыйзам бузуу фактысын жашыруу үчүн жооптуу кызматкерлер КР Н.К. аттуу жарандан 97 миң сом өлчөмүндө акча каражатын талап кылышкан.

Бул факт Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган Опузалап пара алуу фактысы боюнча кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын алкагында 2022-жылдын 7-мартында Панфилов районунун аймагында 50 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен Панфилов райондук электр тармагынын ага инспектору К.Ж.К. кармалды. Кармалган жаран УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 147