• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

УКМК пара талап кылган жактоочуну кармады

25 Бештин айы 2020 17:45 Бишкек Govori.TV

Пара талап кылуу фактысы боюнча жактоочу кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 24-декабрында Ош облусундагы Өзгөн районунан талап кылган акча каражатынын бир бөлүгү 40 миң сом алып жаткан жеринен «А.К.» аттуу жактоочу кармалган.

«Жактоочу «А.К.» мүлк талашына байланыштуу жарандык иш боюнча маселени оң жагына чечип берүү максатында Өзгөн райондук сотунун судьясына берүү үчүн 120 миң сом өлчөмүндө акча каражатын талап кылган. Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында аталган соттун катыштыгын аныктоо боюнча тергөө-оперативдик иш-чаралар жүргүзүлүүдө»,-деп айтылат маалыматта.

Учурда тергөө жүрүп жатат.

Количество просмотров: 148