• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

УКМК: Пара талап кылууга шектелип Эсептөө палатасынын кызматкери кармалды

16 Бирдин айы 2021 10:54 Бишкек Govori.TV

Пара талап кылуу жана пара алуу фактысы боюнча КР Эсептөө палатасынын кызматкери кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 15-февралында Кыргыз Республикасынын УКМК ККК пара талап кылуу жана пара алуу фактысы боюнча Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ысык-Көл жана Нарын областтарынын аймактары боюнча аймактык бөлүмүнүн улук инспектору «М.А.С.» кармалды.

«Такталгандай, Эсептөө палатасынын инспектору «М.А.С.» Ат-Башы районунун үч айылдык аймагында бюджеттин аткарылышы боюнча аудит жүргүзүп, текшерүүнүн жыйынтыгын оң тарапка чечүүгө акт түзгөндүгү үчүн Нарын облусунун Ат-Башин районунун айылынын биринин башчысынан 60 (алтымыш) миң сом акча каражатын алган.
Кармалган «М.А.С.» Нарын шаардык ИИБ убактылуу кармоочу жайына киргизилди», — деп айтылат маалыматта.

Тергөө жүрүп жатат.

Количество просмотров: 616