• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

УКМК: Саимаитинин өлүмү боюнча иш сотко өткөрүлүп берилди

3 Кулжа 2020 9:16 Бишкек Govori.TV

Айеркен Саимаитинин өлүмүн Түркиянын полициясы иликтеп жатат. Бул тууралуу кечээ, 2-июнда Айеркен Саимаитинин айланасындагы окуяларды иликтөө максатында түзүлгөн убактылуу депутаттык комиссиянын отурумунда УКМКнын тергөө башкармалыгынын башчысы Самидин Сагынбек уулу билдирди.

«Акыркы маалыматтар боюнча, иш сотко өткөрүлүп берилди. Буга чейин айтылгандай анын өлүмүнө 4 адам шектелип жатат», — деди ал.

УКМКнын төрагасынын орун басары Талантбек Салиевдин айтымында, Кыргызстандан тергөөчүлөр Түркияга барып, шектүүлөр менен сүйлөшкөн.

«Алар биздикине окшобогон диалект менен сүйлөшөт экен. Шектүүлөрдө Кыргызстандын паспорту жок. Дарегин сураганда Аравандагы так дарегин айта алышкан жок. Керек болсо Оштогу көчөнүн аталышын билишпейт экен», — деди ал.

2019-жылы 10-ноябрда Стамбулда куралдуу кол салуунун кесепетинен ишкер Айеркен Саимаити каза болгон. Анын ысымы Кыргызстандан чыгарылган 700 млн доллар тууралуу журналисттик иликтөөдө айтылган. Ишкер өлтүрүлгөн жерден Стамбулдагы мурунку консул Эркин Сопоковго таандык 34 CC 2092 консулдук номуру тагылган «Рендж Ровер» үлгүсүндөгү унаа табылган. Кийинчеээрк шектүү катары 4 адам кармалган.

Количество просмотров: 129