• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

УКМК: Сапар Исаков ТЭЦти оңдоодо мамлекетке 111 млн. доллар чыгым келтирген

8 Үчтүн айы 2019 16:46 Бишкек Govori.TV

Бишкек.08.01.2019.Govori.TV.

УКМКнын Тергөө башкы башкармалыгы Бишкек ТЭЦин модернизациялоодогу коррупция фактысы боюнча козголгон кылмыш иштин тергөөсүн аяктады. Бул тууралуу УКМКдан кабарлашты.

Билдирмеге караганда, тергөө Сапар Исаков башында турган бир катар кызмат адамдары бийлигинен пайдаланып TBEA компаниясы менен мамлекеттин кызыкчылыгына төп келбеген келишим түзгөнүн аныктаган. Анын кесепетинен өлкө 111 миллион 252 миң 797 доллар чыгым тарткан.

«2010-жылдын февраль айында Өнүктүрүү, инвестиция жана инновациялар боюнча борбордук агенттигинин (ЦАРИИ) Байланыш кызматынын жетекчиси Сапар Исаковдун катышуусу менен Бишкек ТЭЦин модернизациялоо маселеси каралган. Анда Дүйнөлүк банктын 150 миллион долларлык жана ТВЕА компаниясынын 200 миллион долларлык сунушу каралган. Жыйындын натыйжасында ТВЕА компаниясынын сунушун кабылдоо чечими чыгарылган. Бул өз учурунда баа жагынан алып караганда Кыргызстандын кызыкчылыктарына туура келбейт», — деп айтылат билдирмеде.

Маалыматта Сапар Исаков 2013-жылы КР президентинин аппаратынын орун басар рангындагы тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы болуп турганда долбоорду ишке ашыруу процессин өз көзөмөлүнө алганы белгиленет.
«Сапар Исаков жеке кызыкчылыгын көздөп 386 миллион долларга бааланган долбоорду ТВЕА компаниясына генералдык подрядчик болуу укугун берген. Ал ошондой эле ТВЕА компаниясынын бул жаатта тажрыйбасы жок экенине атайылап көңүл бурган эмес. Белгилей кетчү жагдай, көрсөтүлгөн каражат Кытайдын ЭКСИМ Банкынан жылдык 2 пайыз менен 20 жылга насыя катары алынган. Насыя алынгандан бери (2014-жыл) бүгүнкү күнгө чейин Кыргызстан Кытайга 22 миллион 814 миң 328 долларды төлөп берди», — деп белгиленет маалыматта.
Учурда айыпталуучу тарап материал менен таанышып жатат.

Количество просмотров: 36