• Бейшемби 2 Теке 2026
  • Четверг 2 Июль 2026

УКМК Ширин Айтматованын күйөөсүнүн кылмыш ишин ИИМге өткөрүп берет

24 Бештин айы 201913:53 Бишкек Govori.TV

УКМК экс-депутат Ширин Айтматованын күйөөсү Сыргак Кенжебаевдин кылмыш ишин ИИМге өткөрүп берүү үчүн ишти Башкы прокуратурага жиберди. Бул туурасында аталган ведомстводон билдиришти.

Эске сала кетсек, 19-февралда УКМК кызматкерлери Кенжебаевди Алматыдагы аэропортто алдамчылыкка шектүү катары колго түшүрүп, ал тергөө абагына киргизилген. Кытай жараны 350 миң долларын Кенжебаев аттуу кыргызстандык адамга алдатып жибергенин айтып укук коргоо органдарына кайрылган. Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренесинин («Ири көлөмдө акчага алдоо») негизинде иш козголгон.

Ал эми Ички иштер министрлиги ал «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» жана «Шалаакылык» беренелери боюнча шектелип жаткандыгын айткан.

21-декабрда Биринчи май райондук соту шектүүнү №1 тергөө абагына эки айга камакка алуу боюнча чечим чыгарган.

Количество просмотров: 45