«Үмүт» кыймылынын демилгечиси, мурунку депутат Ширин Айтматованын жолдошун Алматыдагы аба майдандан кармашты. Бул тууралуу ал Twitterге жазган.
Анын айтымында, кармоо себеби белгисиз. Бирок жолдошун УКМКнын кызматкерлери кармап, Бишкекке алып келишти. Мурунку депутат саясий репрессия башталды деп билдирген.
Ал эми УКМК бул тууралуу маалымат таратып, «С. Кенжебаев аттуу жаран (Ширин Айтматованын жолдошу) алдамчылыкка шектелип кармалган», — деп билдиришти. Учурда ал УКМКнын тергөө абагына жайгаштырылган.
Эске салсак, Ширин Айтматова Түркияда өлтүрүлгөн жеке ишкер Айеркен Саймаитинин өлүмү боюнча күбө катары өтүүдө. Аны суракка да чакырышкан. Ал маалыматты ачыкка чыгарбоо тууралуу катка кол койгон.