• Жума 24 Теке 2026
  • Пятница 24 Июль 2026

УКМК: Сузакта «Йакын-Инкардын» мүчөлөрү көз карашынан баш тартты

2 Жалган куран 202315:26 Бишкек Govori.TV

Сузак районунун 4 тургуну Кыргызстанда тыюу салынган «Йакын-Инкар» диний экстремисттик кыймылынын экстремисттик идеологиясынан баш тартышты. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

КР УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан Кыргыз Республикасындагы диний-экстремисттик агымдарга каршы күрөшүү боюнча профилактикалык иш-чаралардын алкагында, «Йакын-Инкар» ДЭКнын мүчөлүгүнөн баш тартуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Жүргүзүлгөн профилактикалык иш-чаралардын натыйжасында, Жалал-Абад областынын Сузак районунун жашоочулары, Кыргыз Республикасынын жарандары: 1970-жылы туулган М.Ш.С., 1983-жылы туулган У.Э.Э., 1988-жылы туулган С.О.М., 1991-жылы туулган С.Б.С., экстремисттик идеологиядан элдин алдында баш тартышкан.

«Бул адамдар мурда “Йакын-Инкар” ДЭКнын экстремисттик ишмердүүлүгүнө катышып, экстремисттик идеологияны активдүү жайылтып жүрүшкөн. Жогорудагы жарандар өздөрү тандап алган диний багытынын туура эместигин моюнга алышып, жарандарды бул уюмдун КР аймагында иштөөсүнө жол берилбестиги тууралуу билдирүү менен “Йакын-Инкар” ДЭКнын мүчөлөрүнүн мыйзамсыз кайрылууларына алданбоого чакырышты»,-деп жазылат маалыматта.

Учурда КР УКМК тарабынан «Йакын-Инкар» ДЭКнын кылмыштуу ишмердүүлүгүн аныктоо жана бөгөт коюу боюнча иштер улантылууда, ошондой эле тыюу салынган диний-экстремисттик уюмдардын катарына тартуунун алдын алуу боюнча профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлүп жатат.

Количество просмотров: 589