• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

УКМК төрагасынын мурдагы орун басары Шабданбеков үй камагына чыкты

13 Бугу 202611:26 Бишкек Govori.TV

УКМК төрагасынын мурдагы орун басары Тимур Шабданбеков 29-апрелде үй камагына чыкканы белгилүү болду.

Биринчи май райондук сотунун чечими менен ал 13-июнга чейин үй камакта болот.

Эске салсак, буга чейин УКМК төрагасынын мурдагы орун басары Тимур Шабданбеков, “Ред Петролеум” бренди менен таанымал “Альфа Ойл” компаниясынын жетекчиси Акылбек Маматов, Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун төрагасынын мурдагы орун басары Бекзат Абдикахаров, андан тышкары Кубанычбек Чакибаев кармалганы белгилүү болгон.

Биринчи май райондук соту аларды да 13-июнга чейин камакка алган. Буларга да “Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу” беренеси менен айып коюлган.

Количество просмотров: 114