• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

УКМК: Таласта мамлекеттик кызматкер пара алып жаткан жеринен кармалды

29 Теке 2021 11:17 Бишкек Govori.TV

Талас райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 28-июль күнү Талас райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары “Т.К.Р.” 30 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалган. Анда Талас райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары КР жаранынан оң чечим чыгарып, ишкердүүлүк ачууга уруксат кагаздарын берүү үчүн 50 миң сом өлчөмүндө акча талап кылгандыгы аныкталды.

«Тиешелүү далилдердин негизинде, КР Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренеси (Пара талап кылуу) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүшүнүн алкагында, «Т.К.Р.» Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесине ылайык кармалып, Талас облусунун ИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилген»,-деп айтылат маалыматта.

Азыркы учурда ушул кылмыштын жасалышына тиешеси бар адамдардын бардыгын аныктоого багытталган тергөө-оперативдик иш-чаралардын комплекси жүрүп жатат.

Количество просмотров: 167