• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

УКМК: «Ташиев тажик өкүлдөрүнөн кечирим сурады» деген маалымат фейк

6 Бугу 2021 15:18 Бишкек Govori.TV

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевдин Тажикстандын делегациясынан кечирим сурап жаткан видеосу фейк. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

“Социалдык тармакта жана ЖМКларда тарап жаткан Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы жана чек араны делимитация жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк комиссиянын жетекчиси Камчыбек Ташиевдин Тажикстандын делегациясынан кечирим сурап жаткан видеосу монтаждалган жана каралоого багытталган”, — деп билдирди УКМКнын басма сөз кызматы.

Аталган видео буга чейин социалдык тармактарга тарап, кызуу талкуу жараткан. Видеодо кыргыз жана тажик тарап сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жаткан. Анда Баткен облусундагы мурдагы ыйгарым укуктуу элчи Өмүрбек Суваналиев, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев жана Тажикстан УКМКсынын төрагасы Саймумин Ятимов баштаган тажик делегациясы отурган.

Ал эми, УКМКнын басма сөз кызматы аталган видео атайын монтаждалган деп билдирип, Камчыбек Ташиев кечирим сураган жок деп белгилешти.

Количество просмотров: 501