Бүгүн, 8-июлда өткөн Камчыбек Ташиевдин маалымат жыйынына айрым жалпыга маалымдоо каражаттары киргизилбей калганы тууралуу маалымат тарап, алдын ала аккредитациядан өткөн журналисттер дагы кире албай сыртта турганы айтылган. Бул окуя боюнча УКМК түшүндүрмө берди.
Басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, журналисттер кечигип келишкен.
«Биз тараткан билдирүүдө 14:30га келүүңөрдү өтүнөбүз деп жазганбыз, бирок айрымдар кечигип келип калат деп саат 14:58ге чейин күттүк. Маалымат жыйынды баштап, эшикти жабуубуз керек болчу. Алар кечигип келгендиктен кире албай калышыптыр. Биз маалымат жыйынга келүүнү каалаган баардык ЖМКны атайын каттоодон өткөргөнбүз, бирок өзүлөрү кечигип калышты», — деди басма сөз катчы.
Эске салсак, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев өлкөдөгү акыркы кырдаалдар боюнча маалымат жыйын өткөрүп, бир катар суроолорго жооп берди.