• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

УКМК: Тажик чек арачылары миномет, пулемёт жана автоматтар менен массалык аткылашкан

29 Чын куран 202115:50 Бишкек Govori.TV

Ушул жылдын 29-апрелинде саат 14.00дө Тажикстандын чек ара аскерлери жана Ички иштер министрлигинин атайын багыттагы аскерлери, Баткен облусунун Баткен районундагы Көк-Таш айылында жайгашкан «Головной» суу тосмо жайында миномет, пулемёт жана автоматтар менен массалык аткылоону башташты. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

Кырдаалды координациялап, тажик чек арачылары тарабынан козголгон куралдуу чыр-чатакты локалдаштыруу боюнча УКМКнын чек ара кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Уларбек Шаршеев окуя болгон жерде чараларды көрүп жатат.

Количество просмотров: 212