• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

УКМК «Токмок суу канал» ишканасынын директорунун орун басарын кармады

27 Кулжа 2023 12:36 Бишкек Govori.TV

Токмок шаарында “Токмок суу канал” мамлекеттик мекемесинин балансында турган мамлекеттик мүлктү (чоң көлөмдөгү суу түтүктөрү) уурдоо фактылары аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, “Токмок суу каналдын” директорунун орун басары А.А.A. баш болуп аталган мекеменин директоруна билгизбей ири суу түтүктөрүн сатуу боюнча коррупциялык схема уюштурулган. 

«Ошол эле учурда 26-июнда козголгон кылмыш ишинин алкагында “Токмок суу каналдын” директору О.С.К.га пара берип жана муниципалдык менчикти сатууну жашыруу максатында 60 миң сом пара берип жаткан жеринен анын орун басары А.А.А. кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди»,-деп жазылат маалыматта.

Мындан тышкары, А.А.А.нын унаасынан суу түтүктөрүн сатуудан түшкөн дагы 135 миң сом акча каражаты табылган.

Количество просмотров: 136