• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

УКМК: Транспорт министрлигинин аймактык бөлүм башчысы кармалды

17 Бештин айы 2020 14:48 Бишкек Govori.TV

Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланууга шектелип Транспорт жана жолдор министрлигинин аймактык бөлүмүнүн башчысы кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 16-декабрда УКМК коррупцияга каршы күрөшүү кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине буга чейин катталган сотко чейинки өндүрүш иштеринин алкагында КР Транспорт жана жол министрлигине караштуу автомобиль, суу транспорт жана салмак габаритти кантролдоо агентигинин аймактык бөлүмүнүн башчысы Т.К.А. кармалды

Кармалган жетекчи кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, “Нарын” дарыясы аркылуу өтүүчү көпүрөнүн курулушу боюнча долбоорду ишке ашырууда, мамлекетке 17 млн сомдон ашык суммада зыян келтиргени аныкталды.

Ал Нарын шаардык Ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө жүрүүдө.

Количество просмотров: 581