• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

УКМК: Улут аралык кастыкты козутууга шектелген жаран кармалды

17 Теке 2023 12:06 Бишкек Govori.TV

Улуттар аралык кастыкты козутуу фактысы боюнча Бишкек шаарынын тургуну кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, Интернет мейкиндигинде жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгында Фейсбук социалдык тармагында чагымчыл аккаунт аныкталган. Ал өлкөнүн жарандарынын арасында кастыкты козуткан ар кандай тенденциялуу материалдарды системалуу түрдө жарыялап турган. Бул аккаунт Бишкек шаарынын тургуну “Ч.А.С.” аттуу жаранга тиешелүү экени аныкталды.

«Ал мурда да бир нече жолу улуттар аралык кастыкты козутууга багытталган билдирүүлөрдү жасап, алар үчүн сот органдары тарабынан 5 суткага административдик камакка алынган. Бирок көрүлгөн чараларга карабастан өзүнүн мыйзамсыз иштерин уланткан. Топтолгон материалдардын негизинде сотко чейинки өндүрүштүн алкагында жогоруда айтылган “Ч.А.С.”тын мыйзамсыз аракеттерине соттук-лингвистикалык экспертиза дайындалган. Ага ылайык, анын басылмаларында улуттар аралык кастыктын белгилери, ошондой эле жарандардын улуту боюнча төмөндүгүн пропагандалоонун белгилери бар экендиги такталды. Ушуга байланыштуу үстүбуздөгү жылдын 12-июлунда КР Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренесинин 1-бөлүгүн (“расалык, этностук, улуттук жана диний аралык кастыкты (араздашууну) козутуу”) боюнча кылмыш иши козголуп, 14-июлунда козголгон кылмыштын негизинде “Ч.А.С.” кармалып, КР УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына камалды»,-деп жазылат маалыматта.

Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында комплекстүү зарыл болгон ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 60