• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

УКМК уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүн кармады (видео)

5 Аяк оона 2022 17:31 Бишкек Govori.TV

К.Асанбек аталган уюушкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 5-сентябрда жеке ишкердик менен алектенген адамдардан өзгөчө ири өлчөмдөгү акча каражаттарын системалуу түрдө опузалап алуу боюнча, К. Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү кармалды.

«Жогоруда аталган адамдар КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда бул кылмыш иши боюнча тиешелүү атайын тергөө амалдары жүргүзүлүп, «А.Э.М» таандык кылмыштуу тобунун башка мүчөлөрү аныкталууда»,-деп айтылат маалыматта.

Жогорудагы адамдардын аракеттеринен жабыр тарткандар болсо КР УКМКнын 0312640475 ишеним телефону аркылуу кайрылсаңыздар болот.

Количество просмотров: 220