• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

УКМК: Уюшкан жана террордук топтордун куралдары жашырылган жай табылды

8 Теке 202512:19 Бишкек Govori.TV

Уюшкан кылмыштуу топтун жана террордук топтун мүчөлөрүнүн куралдарынын жашыруун жайы аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Атайын кызмат тарабынан Бишкек шаарынын четинде ок атуучу куралдын «жашыруун жайы» аныкталып, андан 1 Калашников автоматы (АКС-74), 5,45 калибрдеги 15 ок менен магазин, кара маска (балаклава) жана бычак табылган.

Ыкчам маалыматтар боюнча, табылган Калашников автоматы мурда кримтөбөл К.Көлбаевдин жакын чөйрөсүндөгү уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө таандык болгон, автоматты болжолдуу түрдө 2014-2015-жылдары, тагырак айтканда 2015-жылдын июлунда УКМКнын атайын операциясынын жүрүшүндө жок кылынган террордук топтун мүчөлөрү да колдонушкан.

Алынган АКС-74 үлгүсүндөгү куралга жана ок-дарыларга мурда жасалган кылмыштарда колдонулган фактыларды аныктоо үчүн соттук-баллистикалык экспертиза дайындалды.

Количество просмотров: 83