• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

УКМК вебкам-студия уюштургандарды кармады (Видео)

5 Баш оона 2021 13:51 Бишкек Govori.TV

 Вебкам-студия уюштурган жана кылмыштуу кирешелерди мыйзамдаштырган топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу бүгүн, 5-августта УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

УКМК билдиргендей, Кыргызстандын жана КМШ өлкөлөрүнүн жарандары кирген кылмыштуу топ Бишкек шаарында 15тен ашуун вебкам-студия уюштурган. Алар кыздарга интернет аркылуу интим кызмат көрсөтүүгө көп акча сунуштап келишкен. 3-августта күнүмдүк эмгек акыны бөлүштүрүү учурунда кылмыштуу топтун негиздөөчүлөрү кармалды. Алар жашаган жана ижарага алган батирлерди тинтүүдө онлайн интим көрсөткөн кыздарга делген 27 миң доллар, компьютердик жабдыктар жана онлайн интим көрсөтүүгө керектүү буюмдар табылып, алынган.

«Ошону менен катар бир гана студиянын күнүмдүк көмүскө кирешеси 90-100 миң долларга чейин жетип турчу. Анын 5-10 пайызы гана онлайн интим көрсөткөн кыздарга берилчү», — деп айтылат маалыматта.

Тергөөчүлөрдүн маалыматына караганда, уюштуруучулар кылмыштуу кирешени кыймылсыз мүлк жана башка материалдык баалуулуктар аркылуу мыйзамдаштырып келишкен. Негизги уюштуруучу П.И. УКМКнын абагына камакка алынды. Андан тышкары кылмыш ишке тиешеси бар башка адамдарды аныктоо иштери уланууда.

«Акыркы жылдары вебкам-индустрия гүлдөп, жаштарды чоң акча менен азгырып жатат. Жаш кыздар кылмыштуу ишмердүүлүктүн уюштуруучуларынын туткунуна кабылып жатышат. Уюштуруучулар кыздарды интимдик видеолорун ачыктап же социалдык тармактарга таратабыз деп шантаж кылышат. Аны акыркы жылдардагы көп кылмыштар, алардын ичинде бул мыйзамсыз индустрияга тартылган кыздардын арасындагы суицид, алар кабылган зордуктоо жана башка зомбулуктар далилдейт», — деп айтылат УКМКнын маалыматында.

Ага байланыштуу УКМК вебкам-студия уюштурган адамдардын курмандыгы болгон жарандарды 0(312) 66 04 75 телефон номуру аркылуу байланышууну суранат. Анонимдүүлүккө кепилдик берилет.

Количество просмотров: 650