УКМКнын маалыматына караганда, ырчы «Айран» аттуу YouTube каналында сүйлөп жатып, улуттар аралык кастыкты козутууга багытталган билдирүүлөрдү жасаган.
«УКМК тарабынан жүргүзүлүп жаткан ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында КР Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренесинин 1-бөлүгү «Расалык, этностук, улуттук жана диний кастыкты козутуу» боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, 1985-жылы туулган КРнын П.К.Т. аттуу жаранына карата “Айран-YouTube” каналында сүйлөп жатып, улуттар аралык кастыкты козутууга багытталган билдирүүлөрдү жасагандыгы үчүн, өлкөдөн чыкпоо тууралуу жазуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалып алынды», — деп жазылат маалыматта.
Учурда тиешелүү тергөө жана процессуалдык иш-чаралар жүргүзүлүүдө.
Ошондой эле УКМК расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты козутууга багытталган аракеттер үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилигин эскертип, бул үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында 10 жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу жазасы каралганын айтты.